Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу

“Кыргызавтожол-Түндүк”мамлекеттик ишканасы

KG

«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо менен гана чектелбестен, инфраструктуралык объектилерде курулуш жана көрктөндүрүү иштерин да жүргүзүп келет.

Учурда ишканага караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун имаратынын аймагында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жалпы аянты 24 000 чарчы метрди түзгөн объектте учурда жер жумуштары аткарылып, лоток жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле аймакты ирээтке келтирүү иштери уланууда. Кийинки этапта аймакка асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлөт.

Аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгында кызматкерлер жана жарандар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттар түзүлүп, аймактын инженердик инфраструктурасы жана жалпы көрүнүшү жакшыртылат.

Бардык курулуш иштери бекитилген графикке жана белгиленген сапат талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Тундүк” МИ басма сөз кызматы.

 

ru_RURussian