Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу

“Кыргызавтожол-Түндүк”мамлекеттик ишканасы

KG

Тогуз-Торо районундагы Бирдик – Арал – Карл-Маркс унаа жолунун 0–3 чакырым тилкесинде курулуш иштери белгиленген графикке ылайык аткарылууда. Аталган жол 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, учурда объекте жер жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Бул жол Арал жана Бирдик айылдарын байланыштырган маанилүү ички жол болуп саналат. Жолдун оңолушу жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол шарттары түзүлүп, транспорттук байланыш кыйла жакшыртылат.

Белгилей кетсек, курулуш иштери №18 Жол-эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылууда.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

 

ru_RURussian