Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 191–295-чакырым аралыгында жалпысы 12 участокто тирөөч дубалдарды куруу пландалган.
Учурда курулуш иштери үч участокто активдүү жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен:
1-участокто – 240метр;
2-участокто – 60 метр;
3-участокто – 100 метр узундуктагы тирөөч дубалдардын курулушу аткарылууда.
Азыркы учурда бул үч участоктогу курулуш иштеринин аткарылышы 90 пайызга жетип, жумуштар белгиленген графикке ылайык жогорку темпте улантылып жатат.
Тирөөч дубалдар жолдун туруктуулугун камсыз кылып, жер көчкү жана таш кулоо коркунучун азайтуу менен катар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Калган участоктордо да курулуш иштерин этап-этабы менен жүргүзүлөт.
ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.
