• Главная
  • Новости
  • ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУНДА ТИРӨӨЧ ДУБАЛДАР КУРУЛУУДА

Новости

ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУНДА ТИРӨӨЧ ДУБАЛДАР КУРУЛУУДА

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 195-291-чакырым аралыгында Балыкчы – Жалал-Абал багытындагы жолдо жогорку тирөөч дубалдарын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Аталган долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.

🔹 ПК 276+760 – ПК 277+000 тилкесинде курулуштун негизги этаптары аткарылууда. Учурда дубалдын пайдубалын бекемдөө үчүн негиз даярдалып, атайын техникалардын жардамы менен жер кыртышы тегизделүүдө. Андан соң темир-бетон конструкциялары үчүн опалубкалар орнотулуп, В25 үлгүсүндөгү бетон аралашмасы менен фундамент куюлууда. Бул процесс таяныч дубалынын бекемдигин жана узак мөөнөттүү кызмат өтөөсүн камсыздайт.

🔹 ПК 279+270 – ПК 279+370 тилкесинде таяныч дубалын курууга даярдык көрүү максатында чуңкур казуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган жерде оор техникалар иштеп, дубалдын конструкциясына ылайыктуу тереңдик жана көлөм камсыздалууда. Казуу иштери аяктагандан кийин пайдубал даярдоо жана бетон куюу иштерине өтүү пландалууда.

Жогорку таяныч дубалдары тоо  көчкү жана таш кулоо коркунучтарын азайтып, жолдун коопсуз пайдаланылышын камсыз кылат. Мындан тышкары, бул курулуштар жолдун эксплуатациялык мөөнөтүн узартып, транспорт кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүнө өбөлгө түзөт.

Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, сапат талаптары тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Аталган иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

ru_RURussian