Нарын–Баетов унаа жолунда реконструкция жана оңдоо иштери графиктин негизинде активдүү жүргүзүлүүдө.
Учурда:
🔹 8–13-чакырым аралыгында жолдун оң тарабында 5 чакырымга асфальт-бетондун экинчи катмары төшөлүп, сол тарабына асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө;
🔹 13–38-чакырым аралыгында жер жумуштары, жолдун негизин даярдоо жана тегиздөө иштери аткарылууда;
🔹 84–115-чакырым аралыгында жолдун оң тарабында 7 чакырымга асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлүүдө.
Долбоордун негизги максаты – жолдун сапатын жогорулатуу, транспорт агымын жакшыртуу жана айдоочулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Белгилей кетсек, Нарын–Баетов унаа жолу Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Жол эки тилкелүү болуп, заманбап талаптарга ылайык курулууда.
Урматтуу айдоочулар! Аталган тилкелерден өтүүдө этият болуп, жол эрежелерин так сактоону өтүнөбүз.
ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.