• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДАГЫ АЛМАЛУУ, ИЧКЕ-СУУ ЖАНА НОРУС АЙЫЛДАРЫНЫН ТУРГУРДАРЫ КАНТ ШААРЫНА 30 МҮНӨТТӨ ЖЕТЕТ✅

Жаңылыктар

ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДАГЫ АЛМАЛУУ, ИЧКЕ-СУУ ЖАНА НОРУС АЙЫЛДАРЫНЫН ТУРГУРДАРЫ КАНТ ШААРЫНА 30 МҮНӨТТӨ ЖЕТЕТ✅

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант – Горная Серафимовка унаа жолунун 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Учурда объектте жер жумуштары жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, жолдун жер кыртышын түздөө, жолдун туурасын кеңейтүү, эски жабууну тазалоо, шагыл-кум аралашмасын төшөө жана тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иштер 2026-жылдын Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Бул жол Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Алмалуу, Ичке-Суу, Тогуз-Булак жана Норус айылдарынын тургундары үчүн район борборуна жана башка калктуу конуштарга жетүүнү жеңилдетип, жол жүрүү убактысын кыскартууга, транспорттук байланышты жакшыртууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

 

kg_KGКыргызча