Ысык-Көл облусундагы Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка – Көл-Кашка-Суу унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 16,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Учурда жолдун сапатын жакшыртуу жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатындагы иштер улантылууда.