Жаңылыктар

БИШКЕК–КУНТУУ-ШОПОКОВ УНАА ЖОЛУНДАГЫ КУРУЛУШ ИШТЕРИ

Бишкек-Кунтуу-Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүүдө.

Учурда жолдун 0-1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттын негизги катмары (саббейс) төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Ошондой эле суу агызуучу арыктар жана тротуарлардын бордюрларын орнотуу иштери уланууда.

Долбоордун алкагында 3+900 ПК жаңы көпүрөнүн курулушу толугу менен бүткөрүлдү.

Кунтуу айылынан Токбай айылына чейин узундугу 7,5 чакырымды түзгөн таза суу түтүкчөлөрү толугу менен тартылды. Мындан сырткары электр мамычалары жана электр чубалгылары көчүрүлүп, кайра жайгаштырылды. Жол жана тротуарлардын бордюрлары, ошондой эле суу агызуучу арыктар толугу менен орнотулду. Ал эми 96+106 ПК тилкесинде саббейс төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек-Кунтуу-Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. 2025-жылы анын 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Учурда объектте курулуш иштери белгиленген графикке ылайык улантылып жатат.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

 

kg_KGКыргызча