Новости

ТАМГА АЙЫЛЫНДАГЫ ЖОЛ АСФАЛЬТТАЛДЫ

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылындагы Бейшебаева көчөсүнүн 905 метр бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Аталган иштер Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, №3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды. Жолдун абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн бул иштер жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

ru_RURussian