БАЛЫКЧЫ–БӨКӨНБАЕВ–КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУНУН 140-ЧАКЫРЫМЫНДА КӨПҮРӨ КУРУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 140-чакырымында жайгашкан көпүрөдө курулуш иштери уланууда. Учурда объектте көпүрөнүн тирөөч жана каптал дубалдарын куруу боюнча негизги жумуштар аткарылууда.
Курулуш аянтчасында арматураларды монтаждоо, калыптарды орнотуу жана бетон куюу процесстери жүргүзүлүп жатат. Иштер атайын техникалардын жардамы менен этап-этабы менен аткарылууда. Ошондой эле бетон конструкцияларынын сапатын камсыздоо максатында тиешелүү технологиялык талаптар сакталууда.
Объектте куруучулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер тарабынан күнүмдүк өндүрүштүк иштер уюштурулуп, курулуштун жүрүшү туруктуу көзөмөлдөнүүдө.
Долбоор толук аяктагандан кийин жол кыймылынын коопсуздугу жогорулап, аймактагы транспорттук каттам үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.
ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.
