Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское – Кайрыма – Молдовановка айылдарын байланыштырган унаа жолдун 2 чакырымдык тилкесине асфальттоо иштери толук аяктады
.
Аталган иштер 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Асфальтталган жаңы тилке жергиликтүү тургундардын каттамын бир топ жеңилдетип, жолдун коопсуздугун жана жүрүүнүн ыңгайлуулугун арттырат


