Новости

Мин-Булак заводунун ишмердүүлүгү

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №47 Жол тейлөө ишканасына караштуу Мин-Булак таш майдалоочу заводу 2024-жылдын аягында ишке берилген.

 

Заводдо 7 кызматкер туруктуу жумуш менен камсыз болуп, коопсуз шарттарда эмгектенүүдө. Майдалоочу материалдар жол курууга гана эмес, Талас облусундагы башка курулуштарга да пайдаланылып, кошумча киреше алып келүүдө.

 

Азыркы учурда 150 тоннага жакын даяр продукциянын запасы бар. Бул – иштин туруктуулугун жана заводдун аймактык өнүгүүгө кошкон салымын тастыктайт.

ru_RURussian