• Главная
  • Новости
  • Какие работы проводятся на автомобильных дорогах общего пользования в Нарынской области со стороны Дорожно-эксплуатационных предприятий?

Новости

Какие работы проводятся на автомобильных дорогах общего пользования в Нарынской области со стороны Дорожно-эксплуатационных предприятий?

👷‍♂️📍Нарын облусундагы унаа жолдордо кандай иштер аткарылып жатат?
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан Нарын облусунда төмөндөгү иштер аткарылууда👇
📌Нарын облусу боюнча быйыл жалпысы 60 км тегерегинде асфальт-бетон төшөө иштери пландаштырылган.
Анын ичинен бүгүнкү күндө Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолунда 3 км асфальттоо иштери толук бүткөрүлдү😍.
Калган унаа жолдордо асфальт-бетон катмарын төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо жана башка жер жумуштары аткарылып жатат✊
☝️Маанилүү объекттерди белгилей кетсек, бул Ак-Талаа районундагы Нарын-Баетов унаа жолу. Нарын-Баетов мамлекеттик маанидеги IV категориядагы унаа жолу болуп эсептелет. Жалпы узундугу 120 чакырымды тузөт. Бул жолго Капиталдык салымдар беренесине ылайык 36 км асфальт-бетон төшөө иштери каралган✅
Бүгүнкү күндө №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан жолдун негизги катмарын асфальт-бетон төшөөгө даярдоо, жолду кеңейтүү жана дренаждык системасын орнотуу иштери аткарылып жатат.
🖇️ Ошондой эле, аталган пландын ичинде, Нарын шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөлөт:
Ленин көчөсү – 9,5 км;
С.Орозбак көчөсү – 1,28 км;
Нарын ш. айланма жолу – 2 км.
🖇️ Кочкор районунун ички жолдоруна жалпысы 3,53 км асфальт төшөө иштери каралган:
Бердалиев көчөсү – 2,43 км;
Орто-Сай көчөсү – 0,278 км
Московская көчөсү – 0,278 км;
Химия көчөсү – 0,285 км;
Мечит көчөсү – 0,260 км;
Белгилей кетсек, Сары-Камыш-Түндүк-Түштүк унаа жолунда 16 км түзгөн реконструкция иштери каралган.
🚜 Аталган объекттерден тышкары, башка бардык пландаштырылган унаа жолдордо иштер кызуу жүруүдө. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча 1 356 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан бардык унаа жолдордо тынымсыз иштер аткарылып жатат👏

Читайте также

Контактная информация: чем мы можем быть для Вас полезны?

У вас есть вопросы о нашей компании? Пожалуйста, заполните форму. Мы будем рады Вашим сообщениям.

ru_RURussian

Связаться с нами

Заполните все поля
Заявка обрабатывается в течении 24-часов