• Главная
  • Новости
  • АЛЕКСАНДРОВКА–АСЫЛБАШ УНАА ЖОЛУНДА АСФАЛЬТ ТӨШӨӨ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Новости

АЛЕКСАНДРОВКА–АСЫЛБАШ УНАА ЖОЛУНДА АСФАЛЬТ ТӨШӨӨ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Сокулук районундагы Александровка–Асылбаш унаа жолунун 2,5 чакырымдык тилкесине асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул иш-чара 2025-жылдын титулдук тизмесинин негизинде ишке ашырылып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №28 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Эске сала кетсек, бул жолдун жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзөт. Өткөн жылы анын 3 чакырымына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген. Жолду куруу иштери белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө, жана бардык зарыл техника жана жумушчу күчү тартылган.

ru_RURussian