Ленин-Жол-Арал-Сакалды унаа жолунда асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө. Төгүлгөн шагыл аралашмасын тегиздөө, жолдон суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул унаа жолго титулдук тизменин планы боюнча 2 км асфальт-бетон катмары төшөлөт. Аткаруучу: “Кыргызавтожол” МИ-нын №51 ЖТИ.