Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу

“Кыргызавтожол-Түндүк”мамлекеттик ишканасы

KG

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка-Нарзан булагы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзүп, анын 27 чакырымы мурда асфальтталган. 2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 км жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.

Аталган иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №28 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бул долбоор аймактагы жол шартын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттоосуна шарт түзөт.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

 

 

kg_KGКыргызча