Бүгүн, 2025-жылдын 18-сентябры Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар майдалап жаап жатат. Ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да кар жаап, атайын жол тазалоочу техникалар тартылып жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Аталган иштер «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №36 жана №9 Жол тейлөө ишканалары тарабынан күнү-түнү аткарылууда.