Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу

“Кыргызавтожол-Түндүк”мамлекеттик ишканасы

KG
Бүгүн, 28-апрелде, Нарын облусундагы Сары-Булак–Соң-Көл унаа жолунун 27–37-чакырымында жайгашкан Калмак-Ашуу ашуусу кар күрткүлөрдөн тазаланып, каттам үчүн ачылды. Тазалоо иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды. Белгилей кетсек, аталган ашуу жыл сайын октябрдын аягында кыш мезгилинде катуу кар жаап, муз тоңгондуктан, коопсуздук максатында жабылып, жаз айларында аба ырайы турукташкан соң кайра ачылат.
kg_KGКыргызча