КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 8-февралындагы №68 тескемесине ылайык Чомоев Бакыт Муратбекович КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
“Кыргызавтожол” МИ жамаатына КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев тарабынан тааныштыруу аземи өттү.
Бакыт Чомоев буга чейин аталган “Кыргызавтожол” ишканасында директордун орун басары болуп эмгектенген.

Байланышуу

Заполните все поля
Заявка обрабатывается в течении 24-часов