- Бүгүн, 12-декабрь саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунду күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолдун 81-84-чакырымында көчкү түшүп, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазаланып, азыркы учурда каттам берилген.
Суусамыр-Талас-Тараз узнав жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол ачык, каттам бар.
Ошондой эле, Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон, Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө