Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизин салуу үчүн чуңкур (котлован) казуу иштери аткарылды. Иштер уланууда. Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу - 23 м, туурасы - 13 м түзөт.
Эскерте кетсек, аталган көпүрө жараксыз абалга келгенинен, 2024-жылдын 24 июль күнү каттам жабылып, №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан темир-бетондон убактылуу көпүрө салынып, автоунаалар үчүн каттам камсыз болгон.
"Кыргызавтожол-Түндүк" МИ-нын басма сөз кызматы.