ЧОН-АРЫК-АЛА-АРЧА УНАА ЖОЛУНДА ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАҢЫЛАНУУДА

  1. Чүй облусунун аймагындагы Чоң-Арык—Ала-Арча жаратылыш паркы багытындагы унаа жолунун 14–26-чакырым аралыгында жол белгилерин жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында белгилер актап-сырдалып, эскилери жаңы жол белгилерине алмаштырылууда.
  2. Мындан тышкары, аталган тилкеде жол жээктерин бекемдөө иштери да пландуу түрдө аткарылды. Бул иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №25 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
    ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.


kg_KGКыргызча