Жаңылыктар

СОКУЛУК РАЙОНУНДАГЫ АЙЫЛ АРАЛЫК ЖОЛ ЖАҢЫЛАНЫП ЖАТАТ

Сокулук районундагы айылдарды байланыштырып турган маанилүү унаа каттамы – Александровка–Асылбаш жолунун 2,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө пландалган. Учурда аталган тилкенин 14–16,5-чакырымында жер жумуштары жүрүп, жолдун негизин түзүү иштерин №28 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.


Эске сала кетсек, бул жолдун жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзөт. Өткөн жылы анын 3 чакырымына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген. Жаңы курулуш иштери белгиленген талаптарга жана жол курулушунун стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө.
ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

kg_KGКыргызча