• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар

Жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан Жол чарба департаментинин регионалдык бөлүмдөрү менен биргеликте Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облусунда жол курулушуна керектүү таш-кум майдалоочу жабдуу ишке кирди

Нарын облусунун Сары-Ой айылында «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №41 жол тейлөө ишканасынын тейлөөсүндөгү асфальт-бетон заводуна жаңы таш-кум майдалоочу жабдуу толук ишке берилди.

Учурда бул жабдууда үч түрдүү фракцияда курулуш материалы даярдалууда: 0-5 мм, 0-20 мм жана 0-25 мм. Бул материалдар 2025-жылы Нарын облусунда курулуучу жана оңдолуучу жолдорго пайдаланылат.

Алгачкы өндүрүштүк жыйынтыктар боюнча азыркы тапта 400 тоннадан ашык материал даярдалды. Бул заводдун ишке кириши жол курулушунун сапатын жогорулатууга жана курулуш материалдарына болгон муктаждыкты жеринде камсыз кылууга чоң өбөлгө түзөт.

ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы.

kg_KGКыргызча