Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Тамга унаа жолунда асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жер жумуштары аткарылууда. Аталган жолдун 1 км 200 м бөлүгүнө капиталдык салымдар эсебинен асфальт-бетон катмары төшөлөт. Жеринде №3 Жол эксплуатациялоо ишканасы иштеп жатат.