“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №41 Жол тейлөө ишканасы Нарын аэропортунун перрон аянтчасында асфальтобетон төшөө иштерин жүргүзүүдө. Жалпы аянты 4700 м² болгон перрондун экинчи катмары сапаттуу асфальтобетон менен жабылды.
Ишке заманбап технологиялар тартылып, курулуш материалдары сапат талаптарына ылайык тандалууда. Учактар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу конуу шарттарын камсыздоо максатында иштер графикке ылайык ыкчам жүрүүдө.
“Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасы инфраструктуралык долбоорлорду ишенимдүү жана сапаттуу аткаруу боюнча чоң тажрыйбага ээ.


