Жаңылыктар

ЛЕНИНСКОЕ -КАЙРЫМА-МОЛДОВАНОВКА БАГЫТЫНА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское – Кайрыма – Молдовановка айылдарын байланыштырган унаа жолдун 2 чакырымдык тилкесине асфальттоо иштери толук аяктады

.

Аталган иштер 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Асфальтталган жаңы тилке жергиликтүү тургундардын каттамын бир топ жеңилдетип, жолдун коопсуздугун жана жүрүүнүн ыңгайлуулугун арттырат

kg_KGКыргызча