Аймактык “Талас” аэропортунун ачылышы боюнча, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” МИ-нын Талас филиалы тарабынан бул жаңы аэропортто аткарылган жумуштары жөнүндө төмөндөгүнү маалымдайбыз.
Аэродромдун учуп конуу тилкесинде: 100 098 м2 асфальт төшөө иштери, 21 000 п/м жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо, 101 770 м2 георешетка төшөө, 100 098 м2 битум чачуу, 3422 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылган.
Мындан тышкары, ААК “Манас” эл аралык аэропорту менен ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» МИ филиалдарынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде, төмөнкү жумуштар мындан башка аймактык аэропортторунда дагы аткарылды. «Казарман», «Джалал-Абад», «Караван», «Ош» аэропортторунда иштер аяктап, “Нарын” аэропортунда жумуштар улантылып жатат.