КР Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-майынын №36-ГП буйругу менен Бейшебаев Таалайбек Ыксанович КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ишкананын жамаатына министрдин биринчи орун басары Т.Солтобаев тарабынан тааныштыруу аземи өттү.
Таалайбек Бейшебаев буга чейин “Кыргызавтожол” МИ-нын Ысык-Көл филиалынын директору болуп эмгектенген.